Үзгүлтүксүз иш жана тоо-кен иштеринин коопсуздугу

Карьерлерде жана тоо-кен ишканаларында Geobrugg® инженердик коргоо технологиялары
тоо-кен иштеринин коопсуздугун жана негизги инфраструктураны,
карьер техникасын жана персоналды коргоону камсыз кылуу үчүн колдонулат.
Карьерди торлор жана нагелдик бекиткич менен кулоодон коргоо
DELTAX жана QUAROX торлору таш кулоого каршы жабуулар катары жана капталдын геометриясынын өзгөрүшү, угалануу жана берма кырларынын шегинүүсү, тектоникалык жаракаттар менен начарлаган участоктор жана карьердин долбоорунда көп учурда эске алынбаган башка да жергиликтүү кубулуштар менен байланышкан аска-кулоо кубулуштары байкалган жерлердеги туруксуз текчелерди бекемдөө үчүн конструкциялар катары колдонулат.

Карьердин бортторун бекемдөө
TECCO® капталдарды бекемдөө системасы эң маанилүү жана/же коркунучтуу участоктордо эң ишенимдүү коргойт. Ошондой эле карьер бортунун жалпы тиктиги жогорулаганда негизги участоктордо колдонулат.
Таш кулоого каршы тосмолор менен карьердин үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу
Капталдар коргоочу торлор үчүн өтө чоң болсо, таш кулоого каршы тосмолор негизги объекттердин, мисалы, транспорт бермаларынын, конвейерлердин, насос станцияларынын ж.б. коопсуздугун камсыз кылат
Карьерди селден жана кар көчкүсүнөн коргоо
Селге жана кар көчкүсүнө каршы тосмолор бийик тоолуу аймактарда же өзгөчө жер шарттарында жайгашкан карьерлерди инженердик коргоо үчүн колдонулат.
Карьерлер үчүн чечимдердин презентациясы (орус тилинде)
Байланыш
info@geostein.kz
+7 (771) 775 28 38