QUAROX: капталды бекемдөө үчүн шакектүү торго жана болот аркандар менен

алсыз торлордун айкалыштарына бекем, жеңил жана узак мөөнөттүү альтернатива

Спиралдуу ишилген аркандардан жасалган QUAROX каптал тору — шакектүү торго жана көп таладан турган аркандардан жасалган торлорго бекем, жеңил жана узак мөөнөттүү альтернатива. QUAROX таш кулоого каршы жабуучу тор-жабуу (каптал драпировкасы) катары жана/же топурак нагелдери менен бирге капталды активдүү бекемдөө үчүн колдонулат. Усак сыныктардын төгүлүшүнөн оптималдуу коргоо үчүн QUAROX PLUS колдонулат: ал QUAROX торунан жана кошумча майда уячалуу DELTAX торунан турат.
Баа менен бекемдиктин эң жакшы айкалышы
QUAROX тору өзүнүн бекемдиги боюнча (> 10 тонна/метр) капталдарда колдонулган торлордун көбүнөн ашып түшөт. Бир тектүү түзүлүшү жана бекемдиги жогору зымдан патенттелген технология боюнча өндүрүлүшү бул каптал торун өтө бекем гана эмес, жеңил кылат, ошондой эле монтаждык анкерлерди орнотпостон, анкерлерди ыңгайлуу чекиттерде жайгаштырууга жана капталдагы бургулоо иштеринин көлөмүн оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.
Жөнөкөй монтаж
QUAROX торун орнотуу үчүн ролду каптал боюнча төмөн жайып салуу жетиштүү. Стандарттуу ролдун өлчөмү 3,9 x 30,0 м (117 м²), салмагы болгону 152 кг. Салыштыруу үчүн: аянты болгону 50 м² орточо шакектүү тор панели 200 кг жана андан да огор жана капталга бекитүү үчүн кошумча туташтырууларды жана анкерлерди талап кылат, ал эми кош ишилген (габион) тордон жасалган конструкциялар өтө начар жайылат жана капталга жакшы жабышпайт.
QUAROX техникалык сүрөттөмөсү (орус тилинде) Таш кулоого каршы жабуу долбоору (орус тилинде) Капталды бекемдөө долбоору (орус тилинде)
Байланыш
info@geostein.kz
+7 (771) 775 28 38